09.08.2019 16:10

«Бул өлкө кайда жайгашкан?» – чет элдиктер Кыргызстандагы азыркы кырдаал боюнча кандай көз карашта? 

«Бул өлкө кайда жайгашкан?» – чет элдиктер Кыргызстандагы азыркы кырдаал боюнча кандай көз карашта? 

«Милиционерлер Атамбаевдин тарапташтарына карата куралдын жаны түрүн колдонушту – тактикалык таштар», - мындай пикири менен инстаграм баракчасында @shock_krg казакстандык аккаунт бөлүшүп, укук коргоо органдарынын чогулган элди таркатуу аракетин дал ушундай мүнөздөгөн. 

Ал эми Россиялыктар болсо Кыргызстандагы кырдаалды көбүнесе Twitter интернет баракчасында талкуулашты.

Россия Федерациясынын премьер-министри Дмитрий Медведевдин twitter-аккаунтунда калтырган пикири дагы көз жаздымда калбай, талкуу жаратты. 

«Кыргызстандын экс-президентин кармоо – бул албетте аталган өлкөнүн ички иши. Бирок биз четте ийин куушуруп тура бербейбиз. Анткени Кыргызстан – биздин өнөктөшүбүз. Эгер бул окуялар саясий жана экономикалык туруксуздукка алып келсе, кесепети өтө жаман болот». 

“Революцияларга болгон лимитин Кыргызстан түгөттү”, - Дмитрий Медведев мындай пикирин Бишкекке Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда келгенде билдирди. «21 кылымда революцияларга лимитин түгөттү – кыргыздар ушинтип айтканды жакшы көрүшөт. Дал ушундай окуялар өлкөдөгү саясий, анын үстүнө экономикалык кырдаалды туруксуздукка алып келсе, кесепети аябай жаман болот..», - дейт Медведев. 

Бул билдирүү социалдык тармактардагы россиялыктарды талкуусуна жем таштады. 

@ZloyYoungMan: «Жеңилдеп калбадымбы... (Димондун ою боюнча) Кыргызстан лимитин түгөтүптүр, ал эми СССРдин калган калдыктары лимитин түгөтө элек экен, квотасын тандабаптыр, нормадан чыкпаптыр, чектен ашпаптыр... Андыктан – кыла берсе болот! (Димон айтты)». 

@NosBuratino: «Кыргызстан 21-кылымда лимитин түгөтүптүр». Бул лимит кайдан берилет экен? Дүйнөлүк көшөгөнүн көшөгөсү кайда илинип турат?»

@sevagrek: «Деги бизди Кудай сактаса экен! Москва – бул Россия эмес, ал өзүнчө, башкаларга кошулбаган дүйнө. Ал эми тегерегинде болсо реформаларга, тарифтерге кыжырданган эл толтура! Кокусунан башка багытта кетип калгандан кудай сактасын.  Бул Кыргызстан эмес, жарылса. Алапайынды таппай каласың!»

Twitter-ди колдонгон америкалыктар дагы өз көз караштары менен бөлүшүштү. Борбор Азияда иштеген америкалык журналист Кристофер Шварц өз аккаунтуна төмөндөгүчө оюн жазган.

@schwartztronica: «Келгиле, Кыргызстандын элине дагы татыктуу баа беребиз: мен сүйлөшкөн жарадардын басымдуу бөлүгү Атамбаев жана Жээнбековго байланыштуу кырдаал бир тараптуу эмес экендигин белгилешти. Алар менин өлкөмдөгү адамдарга салыштырмалуу саясий ой жүгүртүүнү көбүрөөк өздөштүрүшүптүр....»

@schwartztronica: «Мен келечекте Кыргызстанга келгиси келген адамдарды ишендиргим келет – бул мамлекет коопсуз жана жарандары меймандос. Эли сылык. Өнүгүп жаткан туристтик интустриясы өтө көп иш орундарын түзгөн. Жашаган эл жана жооптуу кызматтар оор акыбалда силердин коопсуздук сакташ үчүн болгон күчүн аябай жумшашат». 

Ал эми, социалдык тармактарды колдонгон айрым америкалыктар Кыргызстан деген мамлекет бар экенин Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операциядан кийин гана билишкенин жазып чыгышты. 

@Reuters: «Шалаакылык жана күч менен жүргүзүлгөн атайын операциянын экинчи күнүндө Кыргызстандын экс-президенти колго түшүп берди».

@TheMartinzJr: «Бул өлкөнүн атыбы? Мен билбеген нерсе көп экен...» 

@HumansAreLoco: «Арабыздан жок деген бирөө Кыргызстанды картадан таба алат бекен?»